
Бишкекте ыш менен күрөшүү үчүн экополиция түзүү каралып жатат
22-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева Бишкекте ыш менен күрөштүн майнаптуулугун арттыруу максатында экополиция түзүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Азырынча аталган структура боюнча башка маалымат жок.
Министрлик ордо калаа менен Чүй облусундагы ыш маселесин чечүү үчүн ыкчам чараларды көрүп жатканы айтылды. Министр Мелис Тургунбаев ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында көйгөй өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин, мындан улам азыр эң башкысы ыкчамдык жана иштин сапаты экени белгиледи.
Булак: Аргумент кж