Бишкекте вахабийлер баш көтөрүп, Абдишүкүр ажынын мечитинен бунт чыктыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындан бир-нече жыл мурда Кыргызстанда салафиттик-вахабиттик жаматтар баш көтөрүшкөн. Президент Атамбаевдин тапшырмасы менен алардын жашыруун сабак өткөн жайлары аныкталып, лидерлеринин колу тушалган. Түздөн-түз Сауд Аравиянын калкалоосу менен лидерлеринин бири делген Шамсуддин Абдыкалык уулу чет өлкөгө чыгып кеткен. Андан 2 жыл өтпөй интернет аркылуу активдүүлүгүн күчөткөн салафиттик- вахабиттик агымдын ҪагындыларыЕ мамлекеттик түзүмгө коркунуч туудура баштаганы байкалууда. Ал эмес биздин өлкөдөгү Ханафий мазхабын чанып, кыргыз жерин Сирияга айланткысы келгендер эми минтип чү дегендер эле мечиттерде чуу чыгарып баштады.

Кыргызстандагы белгилүү диний аалым Абдишүкүр ажы Нарматов имамдык кылган 7-апрел шейиттери мечитинде намаз окуган салафиттик агымдагы жаштар менен мечит имамынын орун басары менен жаңжал чыккан.

Фатихадан кийин Ҫаминди бийик добуш менен айткан жамааттагы вахабий тобундагыларга нааразы болгон имам намазды токтотуп койгон. Ошондон кийин башталган ызы-чуу мушташууга чейин барат. Микрофондон бири-бирин өтө ыпылас, уят сөздөр менен сөгөт.Бул сөгүнүү сөздөрү мечиттин добуш кучөткүчү аркылуу жаамы журтка угулуп турган. Вахабий жамаатынын айрым мүчөлөрү имамдын үстүнөн арыз жазышкан. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставында Кыргызстанда ибадаттар ханафий мазхабы боюнча гана жасалат деген эреже бар. Эрежеге баш ийбей, көрүнгөн жактын жугундусун жугузуп келгендер жалпы мусулмандарга жарака кетирүүдө

Аргумент.kg