
Бишкекте тургун 1 млн сомдук 11 iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген
15-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте алдамчылыкка шектелип кармалган жарандын үстүнөн милицияга дагы бир арыз түшкөнү белгилүү болду.
Бишкек шаардык милициясы билдиргендей, 2-сентябрда Свердлов райондук милициясына Н.О. аттуу жаран кайрылып, август айында Чүй проспектисиндеги соода борборлордун биринде А. аттуу адам ишеничине кирип, «кайра сатып берем» деп баасы 964 миң 116 сомдук 11 iPhone телефонун алып, кийин убадасын аткарбай, алдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү 19 жаштагы О.А. аттуу жаран экени аныкталган.
Тергөө учурунда ал алдамчылык жолу менен алган телефондорду шаардагы күрөөканаларга өткөрүп салганы белгилүү болгон. Учурда ал ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Булак: Аргумент кж