Бишкекте троллейбус айдоочусу болууну каалагандар акысыз окутулат

Бишкекте троллейбус айдоочусу болууну каалагандар акысыз окутулат

18-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Троллейбус айдоочусу болууну каалагандар акысыз окутулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, башкармалык «Т» категориясы бар айдоочуларды ишке чакырат. Ошондой эле, троллейбус айдоочусу болууну каалаган жарандар үчүн №20 кесиптик лицейде акысыз курс жана стажировка бар. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.

«Курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана берилет», — деп айтылат маалыматта

Булак: Аргумент кж