Бишкекте төртүнчү ирет кыз төрөгөнүн уккан келин уйкудан ойгонбой калган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарында төртүнчү ирет кыз төрөгөн келин терең уйкуга (глубокий сон) түшүп калган. Бул тууралуу борбор калаадагы №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Айнура Жакишова билдирди.

Анын айтымында, бул окуя жакында эле болгон.

«Келин кесарево жолу менен көз жарган. Операциядан соң баары менен сүйлөшүп, ымыркайын да көргөн. 1-1,5 саат өткөндөн кийин баласын эмизүүгө алып келишкен, бирок келин ойгонгон эмес. Аны эч ким ойгото албай койгон. Кызматкерлердин баары чогулуп, атайын адистерди чакырып баштадык. Бирок биздин аракеттер келинге таасир эткен эмес», — деди Жакишова.

Анын айтымында, келин төртүнчү ирет кыз төрөгөнүн уккандан кийин стресс болуп, ушундай абалга кабылган. Андан соң келин ойгонуп, үйүнө чыгарылган.

Аргумент.kg