
Бишкекте миграция боюнча өлкөлөр аралык коомдук кеңештин жыйыны өттү
23-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева21-сентябрда, миграция маселеси боюнча Мамлекеттер аралык ири коомдук кеңештин II жыйыны өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.
Иш-чара ЕЭКтин миграция чөйрөсүндөгү министрликтердин жана ведомстволордун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн аналитикалык жана илимий чөйрөлөрүнүн эксперттеринин катышуусунда өттү.
Жолугушуу «Карылар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция боюнча кеңеши менен биргеликте уюштурулду.
Эмгек министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев миграция боюнча өлкөлөр аралык ири коомдук кеңеш бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эң жакшы жолдорун табуу үчүн ар түрдүү пикирлердин, билимдердин жана тажрыйбалардын бириккен аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди.