
Бишкекте мейманканага уурулукка кирген шектүүлөр кармалды
21-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-июлда ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган, Бишкек шаарындагы мейманканаларынын бирине саат 04:18де дүрбөлөң баскычы басылып, айтылган дарек боюнча ыкчам жеткен күзөт бөлүмүнүн кармоо тобу 3 шектүү жаранды кармашкан.
Жогорудагы мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин шектүүлөр темир лом менен бузуп кирүүгө аракет кылып жаткан учурда күзөттө турган кызматкер болгон окуяны видео байкоо аркылуу көрүп дүрбөлөң баскычын баскандан кийин кармоо тобу тез аранын ичинде келип, 1998-жылы туулган А.Т. жана 2006-ж.т. А.Н. аттуу жарандарды кармашкан.
Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Булак: Аргумент кж