
Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык борбор жабылды
21-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык борбор жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алар уруксат кагаздары жок туруп, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Косметологиялык салондорго 84 миң сомго айыппул салынды.
Министрлик жарандарды өзүнүн саламаттыгына олуттуу мамиле жасоого, мындай борборлорго кайрылуудан мурда медициналык уюмдардын алдын мала билим маалымат алып барууну суранат
Булак: Аргумент кж