Бишкекте кайгуул кызматынын унаасы оодарылып кетти

Бишкекте кайгуул кызматынын унаасы оодарылып кетти

18-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматтык унаасы жол кырсыкка кабылып, оодарылып кетти.

Окуя тууралуу кайгуул кызматы маалымат берип, жол кырсык Hyundai унаасынын айдоочусунун жол эреже бузгандыгынан улам болгонун билдирди. Жол кырсыгы Медеров менен Мавлянов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Hyundai артта келе жаткан кайгуул кызматынын унаасын өткөрбөй, күтүүсүз жерден солго бурулууга аракет кылган. Натыйжада кайгуул кызматкери рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

«Жол кырсыгында жаракат алгандар жок. Бул жол кырсыгы боюнчакызматтык териштирүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Аргумент кж