Коом

Бишкекте кайгуул кызматынын инспектору айдоочу менен чырдашып, аны атып алды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алды. Айдоочу ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-август күнү саат 21:30 чамасында Жибек Жолу жана Гоголь көчөсүндө милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турган учурда карама-каршы көчөдө 1989-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран RaV-4 унаасы менен бара жаткан. Ал жол эрежесин бузгандыгы үчүн кызматкерлер тарабынан токтотулган. “Айдоочу документтерин берип, протокол толтурулуп жаткан убакта кетип калган.

Бир аздан кийин келип кызматкерлерге уруш чыгарган. Ал патрулдук милициянын кенже инспекторуна кысым көрсөтүп, мушташууга аракет кылган. Мындан улам ортодо чыккан ызы-чуудан инспектордун кызматтык тапанчасынан кокустан ок чыгып, айдоочу А.Ч. жаракат алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Учурда жеринде ИИМдин, Бишкек ШИИББинин жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери иштеп жатышат. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды”, – деп жазылат маалыматта

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *