Бишкекте Даниел Ажиевге айып салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте веб-камера студиясынын мурдагы уюштуруучусу Даниел Ажиевге мыйзамсыз тонировка кылганы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, айдоочу кечээ кармалган. ИИМ эскерткендей, маңдайкы жана алдыңкы айнектерди мыйзамсыз караңгылатуу жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салууга алып келет.

Эске салсак, буга чейин Ажиевге веб-камера студиясын уюштурган, ошондой эле расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деген айыптар тагылган.

Аргумент.kg