Бишкекте дайынсыз жоголгон чет элдик жаран изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон чет элдик жаран изделүүдө

06-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте дайынсыз жоголгон 31 жаштагы чет элдик жаран Евгений Василенко изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 9-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, 31 жаштагы уулу Евгений Василенко 26-июлда Тимирязев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Булак; Аргумент кж