Коом

Бишкекте батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бетирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышып, 1951-жылы туулган С.С. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан.

Андан кийин куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Батирдин эшигин ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *