
Бишкекте аял кишини тоногон шектүү кармалды
24-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте аял кишини тоногоо шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну кайрылып, 10-августта түнгө жакын Бишкектин Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүң кесилишинде белгисиз адам күч колдонуп, 7 миң сом жана баасы 3,5 миң сомдук Redmi телефону салынган сумкасын тартып алып, качып кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы О.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына 10-сентябрга чейин камалган.
Милициядан билдиришкендей, шектүү уурдалган телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Булак: Аргумент кж