
Бишкекте автотранспорт жана жол чарба кызматкерлери сыйланды
28-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара өттү.
Мэриядан билдиришкендей, шаар мэри бардык транспорт кызматкерлерин жана тармактын ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Булак; Аргумент кж