Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жаран куткарылды

Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жаран куткарылды

06-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен
жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «102» кызматына Ленин
районунун Заводской поселок көчөсүндөгү көпүрөдөн
1986-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши Ала-Арча суусуна түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, жаранды алып
чыгышып, тез жардам кызматына откоруп беришкен.

Булак; Аргумент кж