Бишкекте 740 жумушчу жолду тазалап жатат

Бишкекте 740 жумушчу жолду тазалап жатат

07-бирдин айы, 2019-ж // //

34 атайын жол тазалоочу техниканын 21и кар күрөй турган машина. Жолдогу тоңду эритүү үчүн 6-февралда 400 тоннадан ашуун кум жана 55 тонна техникалык туз чачылган. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын өкүлү Алтынбек Насирдинов «Азаттыкка» маалымдап, жол тазалоо иши ушул тапта да уланып жатканын айтты:
— Жолду тазалап, кум-туз себүү ишин түндө саат бирлерде баштаганбыз. Ушул убакытка чейин уланып жатат. Техникалардан тышкары 740 аймакта жумушчуларыбыз иштеп жатат. Таңында алар алгач аялдамаларды күрөйт. Андан кийин тротуарларды тазалайт, —деди Алтынбек Насирдинов.

Насирдиновдун маалыматы боюнча, тазалоо иштерине жол боюнча токтотулган автоунаалар тоскоолдук жаратууда. Кар тазалоочу машиналар аларды айланып өтүүгө аргасыз болуп жатат.
6-февралга караган түнү аба ырайында кескин өзгөрүү болуп, Бишкекке, Чүйгө кар жааган.