Бишкекте 45 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте 45 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

24-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-августта милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 11:20да Кулиев көчөсүндө белгисиз адам 12 миң сом жана баасы 8 миң сомдук Redmi 8 Pro телефону салынган барсеткасын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 45 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына 22-октябрга чейин камалган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Булак: Аргумент кж