
Бишкекте 43 жаштагы жаран азык-түлүк уурдоого шектелип кармалды
11-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектеги соода борборлордун биринен азык-түлүк уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-сентябрда милицияга К.Г. аттуу аял киши кайрылып, 31-августта шаардагы соода борборлорунун биринен белгисиз жаран 10 миң 455 сомдук азык-тулүк уурдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 43 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү Ленин райондук милициянын тергөө кызыматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Иликтөө иштери уланууда.
Булак: Аргумент кж