Бишкекте 4 районго социалдык унаалар сатып алынат

Бишкекте 4 районго социалдык унаалар сатып алынат

15-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү департаменти 4 социалдык унаа сатып алууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, унаалар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн сатып алынат. Ал үчүн 8 млн 725 миң сом каралган.

Унаалар борбор калаанын төрт районуна бөлүштүрүлөт.

Сынак тууралуу кеңири маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталынан алууга болот.

Булак: Аргумент кж