Бишкекте 10 жылдан бери таштанды акысын төлөбөй жүргөндөр бар

Бишкекте 10 жылдан бери таштанды акысын төлөбөй жүргөндөр бар

18-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкектиктердин «Тазалык» муниципалдык кызматына карызы 185 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу  ишканадан билдиришти.

Бул жарандардын гана эмес, уюмдардын дагы таштанды үчүн карызы.

«Тазалыктын» маалыматында, 10 жылдан бери таштанды акысын төлөөдөн баш тартып келе жаткандар бар.

«Короосунда бир нече батирди ижарага берген жарандын таштандыга карызы 70 миң сомдон ашык. Ага карабай акыр-чирикин чыгарып турат», — дейт муниципалдык ишкана.

Булак: Аргумент кж