Кыргызстанга Түркия мамлекети асма жол салышмакчы. Бул тууралуу Инвестиялар министрлиги билдиришти.

Алардын маалыматына таянсак, ушул жылдын  12-14-июль күндөрү Түркиянын «Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş» компаниясынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз Кыргызстандын Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов жана мэриянын өкүлдөрү менен жолугушту.  Бул жолугушууда монорелстүү жол тутумун куруу долбоору деталдуу талкууга алышкан. Шыкмаматов монорелстүү транспорттук тутумду киргизүү менен шаардын инфраструктурасы жакшырта турганын билдирди. Ошондой эле  министрликтин кызматкерлери, Бишкек мэриясынын жана түркиялык компаниянын өкүлдөрү монорелстүү транспорт системасын куруу үчүн ыңгайлуу болгон жайлар менен таанышып келишкен.

Эскерте кетсек буга чейин Бишкекте жер үстүнөн өтүүчү транспорттун долбоору 2020-жылы декабрда мэрия тарабынан сунушталып, коомчулукка да келечекти асма жол тууралуу маалымат берип кетишкен.