
Бишкек: ЖОЖдун имараты мектепке берилет
15-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева Октябрь районунун 10-кичи районунда президенттин тапшырмасы менен дагы бир мектеп ачылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 10-кичи райондо жайгашкан Ишеналы Арабаев атындагы университетке барып, имараттын жана аудиториянын абалын көргөн.
«Имараттын аянты 11000 чарчы метрден ашат жана анын жарымы туура эмес багытта колдонулган. Мамлекет башчысы имараттын кейиштүү абалын эске алып, жалпы билим берүүчү уюм катары Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды», — деп айтылган маалыматта.
Мэрия 2022-жылы шаар боюнча 15 мектеп жана бир бала бакча ачылганын айтты.
Булак: Аргумент кж