Саясат

Бишкек: Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Мурат Осмонов Бишкектин Свердлов районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка баш калаанын башчысы Азиз Суракматов бүгүн, 21-январда кол койду. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Осмонов буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы болгон. Кесиби боюнча физик-инженер, юриспруденция боюнча да билими бар.
Буга чейин райондун мурдагы акими Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жарыялап, анын себебин айткан эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *