Бишкек шаарында 10 ай ичинде 2200 телефон уурдалса, милиция “шериктешпи”?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өтө кооптоно турган көрүнүш. Бишкек шаарында 10 ай ичинде 2200 телефон уурдалып, бул иштер ачылбай турат. Көбүнчө маршруткалардан, автобустардан шыпырып кетишет экен. Чөнтөкчүлөрдүн акча “кайсаганы” андан көп. Эл арасында нааразычылык жаралууда. Уурулар менен милициялар чырмалышып калышканбы? Негизинен мектеп окуучулары жана аялуу катмар жабыр тартууда. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев карапайым калкыбыз үчүн ушул жагын тыйып коё албады. Кайдыгер. Караңгыдан көз таба албайт. Башка оор кылмыштарды айтканда не? Ал эми Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги Улан Айтбаев сойкулук жайларга “крыша” болуп, ири өлчөмдөгү акчаларды айландырып атабы? Мына ушул суроо боюнча тийешелүү жетекчилер кызыгып, иликтетип көрүшсө, “иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн” ачыкташат беле? Өздүк курамда талкуу жаралып, көптөгөн сырлар айтылууда. Бир гана жогорку жетекчилик көңүл бурса. Милиция таза, татыктуу кызмат кылса, коомубузга жарыгы тийет эле. Өкүнүчтүүсү, андай болбой атпайбы…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg