Бишкек шаарына Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууга жаштар каршы
08-жетинин айы, 2019-ж // //
«Limon.KG» «Жаштар үнү» аттуу рубрикасына бу жолу Бишкек шаарына 24 жыл Кыргызстанды башкарган мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу боюнча теманы көтөрүп, сурамжылоо жүргүзүшкөн. Ага жалпысынан 3423 адам катышып, анын ичинен 3263ү каршы, 131и борбор калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы эместигин, 19у Бишкекти Манас кылып аталышын каалаганын айтса, 10у мурдагы аталышына кайтып келүүнү сунуштаган.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. 4-ноябрда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин ысымын баш калаабыз Бишкекке берүүнү сунуштаган.