Бишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган көмүскө цехтер аныкталды

Бишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган көмүскө цехтер аныкталды

21-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды. УКМКнын маалыматында айтылгандай, күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциялардын ири партиясы «Береке универсал» соода борборунда табылган.

17-ноябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында төмөнкүлөр табылган.

12159 даана алкоголдук продукция;
4676 даана күмөндүү акциздик маркалар;
474,5 литр спирт;
7000ден ашык эн белгилер;
889 литр (самогон) алкоголдук продукция;
3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Булак: Аргумент кж