Бишкек менен Чүйдө айдоочуларды АПКлар көзөмөлдөп баштайт

Бишкек менен Чүйдө айдоочуларды АПКлар көзөмөлдөп баштайт

15-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
15-марттан тарта Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштеп баштайт. Мындай эскертүүнү Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул чара жолдогу унаа кырсыктарын алдын алуу жана унаанын ылдамдыгын ашырып айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатын көздөйт.
«Буга чейин аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулган», — деп айтылат маалыматта.