
Бишкек бийлиги Астанада мэрлердин форумуна катышууда
06-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун салтанаттуу ачылышына катышууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр, “Астана — келечектин шаары” форумунун катышуучуларын кыргыз элинин жана президент Садыр Жапаровдун атынан Астананын 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап жатып, эзелтен кыргыз-казак бир тууган, ата-бабалардын улуу мурасын улоо, кылымдар бою уланып келе жаткан бир туугандыкты, достукту, биримдикти, карым-катышты бекемдөө, мезгил чакырыктарына жараша ага жаңы маани, жаңы түс берүү, мамлекеттер жана шаарлар ортосундагы байланышты, эки тараптуу мамилени жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү, алып кетүү азыркы муундун, биздин башкы милдетибиз жана парзыбыз жөнүндө белгилей кетти.
Мындан тышкары калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууга ар дайым ачык экенин белгиледи.
“Мааракелик иш-чара — элдердин достугун, шаарлар ортосундагы байланыштарды мурдагыдан дагы бийик сапатка чыгарып, бир туугандыктын жана өз ара карым-катнаштын даңктуу салттары мындан ары да достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем,”- деп белгиледи Эмилбек Абдыкадыров.
Булак: Аргумент кж