
Биринчи Май районунун акими вице-мэрдин милдетин убактылуу аткарат
25-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектин Биринчи Май районунун акими Максат Сазыкулов вице-мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты сайтка аким өзү ырастады.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, вице-мэр Мурат Осмонов ден соолугуна байланыштуу иштеген жок. Мындан улам анын милдетин убактылуу Сазыкулов аткарып, ошол эле учурда акимдик кызматын уланта берет.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров болжол менен эки апта мурда кол койгон.
Булак: Аргумент кж