
Бир жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эреже бузуу аныкталды
22-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстанда 14-20-август күрдөрү 24 миң 69 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол эреже бузган 1 миң 149 айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.
Жол эреже бузуулар:
- Тиешелүү документтери жок унаа башкаргандар – 255
- Мас абалда унаа айдагандар – 256
- Унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандар – 60
- Жол эрежесин бузган жөө адамдар – 1 миң 337
- Унааны эксплуатациялоо эрежесин бузгандар – 5 миң 152
- Автобейбаштык – 8
- Ылдамдыкты ашырып айдагандар – 5 миң 36
- Жасалма номер менен жүргөндөр – 5
- Башка жол эреже бузуулар – 11 миң 960
Булак:: Аргумент кж