
Бир жумада 228 мас айдоочу аныкталды
16-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 9-октябрдан тартып 15 октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 763 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 189;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 228;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 15;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 694;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2252;
— авто ээнбаштык – 2;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 692;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 950;
өшондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 741 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.