Коом

Бир зачет 10 миң сом! Медакадемиянын окутуучусу студенттерден акча талап кылганбы?

Бул тууралуу «Политклиника» медиясынын башкы редактору Дилбар Алимова жазып чыкты.
Анын айтымында, Кыргыз медициналык академиянын Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын мугалими Кушбакова Алия Тыныбекова студенттерге зачет койбой, бир зачетко 10 миң сом талап кылган.
Журналистке бул тууралуу аталган окуу жайдын суденттеринин ата-энелери кайрылышкан.
«Бир зачет 10 миң сом!
Кыргыз медициналык академиянын Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын мугалими Кушбакова Алия Тыныбекова студенттерге зачет койбой, бир зачетко 10 миң сом сурап жатканын студенттердин ата-энелери айтып, бизге кайрылды. Медакадемиядан, билим берүү министрлигинен билген, чече турган адамдарды белгилегилечи?» — деп кошумчалайт журналист.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *