Коом

Бир уулум бар экенин эч ким билбейт, кыздык тиктирип кайрадан күйөөгө тийсемби?

Чет жерде жашаганыма жети жылдын жүзү болгон. Карантин учурунда Кыргызстанга келип бирок кайра кете албай калдым. Анткени бул жактан сүйүктүүмдү таптым. Ал жигит мурда үйлөнбөптүр. Мен ага никесиз төрөлгөн беш жашар уулум бар экенин айткан жокмун. Анткени анын ата-энеси уулун мага окшоп бузулуп кеткен эмес, ыймандуу кызга үйлөнүшүн каалайт экен.

Уулумду беш жыл мурун чогуу иштеген жигитти сүйүп калып экөөбүз жарандык никеде үйлөнгөн элек. Жашоом жакшы болду. Уулду болдук. Бала менен мен жумушка чыкпай калдым. ошондо биздин ортобуз эки ажырымга бөлүндү. Күйөөм мени сүйбөсүн айтып, кийимдерин жыйнап кетип калды. Бирок азыркыга чейин баласына акча салып турат. Бул тууралуу менин бир да бир тууганым билбейт. Көбү уулумду турмушка чыгып бирок төрөй албай калган эжемдин багып алган уулу катары кабыл алышат. Эжем болсо “уулуңа байланбай турмушка чыгып кет, балаң сенден алыс болуп калды. Жашсың бактылуу болушун керек”-деп жатат.

Бишкекте кыздык тигүү аябай өнүгүп калыптыр, кыздык тиктирип алып турмушка чыгып кетсемби7 Бактылуу болуш үчүн да аракет керек го…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *