Коом

Бир суткада 2000ге жакын адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза тапты

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 1 965 адамдан табылып, 571 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат
кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 1 490;
Ош – 45;
Чүй облусу – 111;
Ош облусу – 94;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 93;
Баткен облусу – 73.
Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 125 003кө жетти. Анын ичинен 110 082 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
Бишкек – 256;
Ош – 74;
Чүй облусу – 68;
Ош облусу – 63;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 56;
Баткен облусу – 34.
Коронавирус бир сутка ичинде сегиз адамдын өмүрүн алган.
Каза болгондор:
Бишкек – 2;
Ош – 1;
Баткен – 3;
Ысык-Көл – 2.
Муну менен жалпысынан 2 000 киши коронавирустун курмандыгы болду. Кечээтен бери 39 медиктен коронавирус чыкканы аныкталган. Учурда стационарларда 3 389 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 962 адамдын абалы оор болсо, 158 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *