Бир куткаруучу суудагы канча кишиге жооптуу? ӨКМдин жообу

Бир куткаруучу суудагы канча кишиге жооптуу? ӨКМдин жообу

20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Арген Кабылбеков эс алуу эрежелерине көбүнесе балдар баш ийбей тургандыгын айтты.

«Бир куткаруучу сууга түшүп жаткан 10 балага көз салып турушу керек. Эгер эс алуучу жайда элдин саны көп болсо, куткаруучулардын саны да ошого жараша болууга тийиш. Куткаруучу болуш үчүн да талаптарга жооп бериши шарт. Ириде ал адам өзү сүзгөндү жакшы билиши керек. Ошондой эле адам сууга чөгүп бараткан учурда аны сактап калуунун эрежелерин билип, иш жүзүндө аткарганы маанилүү. Атайын окуудан жана машыгуудан өткөндүгү тууралуу баракчалары болууга тийиш», — деди Кабылбеков.

Ал балдардын коопсуздугуна эң биринчи кезекте ата-энеси жооптуу экендигин кошумчалады.

Булак; Аргумент кж