Бир күн мурда ишин таштаган троллейбустун айдоочулары каттамга чыгышты

Бир күн мурда ишин таштаган троллейбустун айдоочулары каттамга чыгышты

12-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте 11-августта троллейбустун айдоочулары маянаны көтөрүү талабын коюп, иш таштаган. Бүгүн, 12-августта айдоочулар жумушка чыгышты.

Маалым болгондой, саат 08:00дө Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүдөн кийин иш таштаган айдоочулар кайра жумуштарына чыкмай болушту.

Белгилей кетсек, айдоочулардын айлык-маяналары 50 миң сом болот.

Булак: Аргумент кж