Коом

Бир да жолу сурабаган күйөө сөрөй эми кызымды талашып жатат

Он жыл мурун турмушка чыгып кызым беш айлык кезинде күйөө сөрөйүм иштейм деп оссияга кеткен. Башында эки ай бир аздан акча салып телефон менен сүйлөшуп жаткан кийин таптакыр жоготуп кеткен. Кайын журтум болсо биз кийлигише албайбыз деп койгонунан мен төркунүмө кетүүгө аргасыз болгом. Азыр кызым сегизге чыкты. Бир да жолу атасын көргөн жок. Жалгыз багип келдим. Былтыр жакшы адам менен таанышып калып өзүмдөн бир топ жаш улуу болгонуна карабай турмушка чыгып кызымды кошо ала кеткем. Кызым ал адамды ата деп аралашып калганда мурунку күйөөм кызымды талашып жатат. Күйөөң менен жашасаң кызды алам кор кылып жатасың дейт. Бир да жолу кызына каралашпай туруп эми жашоомду жакшы нукка бурганда бут тосуп жатат. Сотко берсем кызымды тартырып ийбейминби?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *