Саясат

Бир адам эки жолу депутат болуп шайлана албайт, деген мыйзамды колдойсузбу?

Коомдук активисттер Жогорку Кеңештин депутаты болуп Кыргыз Республикасынын жараны бир эле жолу шайланышы керек деген демилгени көтөрүп жатышат. Анткени Кыргызстанда биртке эле белгилүү же акчалуу болуп калгандар депутат болом деп жанталашып жүрүшөт. Кээ бири коом үчүн керек болсо, кээ бири мамлекеттик башкаруу бутактары тууралуу түшүнүгү жок болсо деле депутат болууга шашылууда.

Учурда мандат сатып алуу таң калычтуу деле болбой калды. Соодагерлер парламентти ээлегенден бери мамказна эбегейсиз зыян тартууда, натыйжада өлкөдө инфляция, кризис, баягы эле эптеп күнгөргөн карапайым эле элдин шору.

Эгерде бул мыйзам кабыл алынып калса, ЖКтин экс-депутаттары кайра парламентке депутат боло алышпайт. Мындай жол менен парламенттеги чимкириктерден айрылып, туңгуюктан чыгууга мүмкүнчүлүк болот дейт, адисттер.

Бирок, депутаттар өзүнө каршы мыйзамды эч качан кабыл алышпайт го. Ушул мыйзамды жана башка ушу сыяктуу коомго пайдалуу мыйзамдолбоорлорун кабыл алам деген депутаттыка талапкерди 7-чакырылышка колдош керек.

Ал эми сиз бул сунуштуу колдойсузбу же жокпу?

Учурдагы парламенттин депутаттарын шайлоо мыйзамы кандай?

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-главасы)

59-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо

1. Шайлоо күнүнө карата 21 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары бирдиктүү шайлоо округу боюнча катыштык тутум боюнча 5 жылга шайланат.

3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат жана мурдагы чакырылышта шайланган Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктоочу айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт.

4. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда – ал чечим кабыл алынган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.

Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тарып 45 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.

5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин Жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялануусу тийиш.

6. Эгерде Президент ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаган учурда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

60-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жанаже кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

3. Тизме боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 120 талапкерден кем жана 200 талапкерден ашык болушу мүмкүн эмес.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

– бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

– 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

– ар кандай улуттарга таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

– кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.

5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин күбөлөндүрүлгөн тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

62-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду

1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өз каражаттарынан;

2) эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;

3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;

4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 5000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

63-берене. Кайра шайлоо

1. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калганын тааныган учурда, эгерде бардык саясий партиялар ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 2 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылып салынса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындайт.

2. Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт. Мында шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

64-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, шайлоо округу боюнча ар бир талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын саноону жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн төмөнкү саясий партиялар, талапкерлердин тизмеси чыгарып салынат:

1) жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 пайыздан азын алган;

2) ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 пайыздан азын алган.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 жана андан көп пайызы; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,7 жана андан көп пайызы добуш берген саясий партиялар, саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган усул боюнча аныкталуучу депутаттык мандаттарды алышат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын санайт. Шайлоочулардын добуштарынын бул суммасы 120га – бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи шайлоо натыйжасы (бир мандатты алуу үчүн квота) болуп саналат.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи шайлоо натыйжасына бөлүнөт. Санды бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк талапкерлердин тиешелүү тизмеси алуучу депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул пункттун экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын алда канча көп бөлчөктүк бөлүгү (калдыгы) бар талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөктүк бөлүктөр тең болгондо артыкчылык шайлоочулардын көп добушу берилген талапкерлердин тизмесине берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо артыкчылык мурунураак катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени Борбордук шайлоо комиссиясында каттоо учурунда белгиленген, ушул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.

5. Шайлоонун натыйжалары боюнча саясий партияга Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын 65тен көп эмеси берилиши мүмкүн.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул беренеде белгиленген шарттарга ылайык шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө протокол түзөт. Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

1) депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партиялардын аталыштары;

2) талапкерлердин ар бир тизмесиндеги шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

7. Эгерде бардык саясий партиялар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарып салынса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калганын тааныйт. Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча кайра шайлоо дайындайт.

8. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.

Эгерде талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.

3. Эгерде саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.

4. Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушу дегенде төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) анын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бериши же фракциядан чыгышы;

2) аны соттун аракетке жөндөмсүз деп табышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсү же андай ишти таштабоосу;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетиши;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготушу же башка жарандыкка өтүшү;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбошу;

10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы.

5. Эгерде саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбаган учурда, мандат Жогорку Кеңешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *