
Билим берүү министрлиги дээрлик 50 млн сомго компьютер сатып алат
05-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБилим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы билим берүү уюмдары үчүн персоналдык компьютерлерди сатып алууга сынак жарыялады. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.
Ушул жылдын 4-июлунда жарыяланган тендердин шарттарына ылайык, министрлик бул максаттарга 49,9 миллион сом жумшаганы жатат.
Заказ берилген техниканын саны 836 даана. Ошентип ар бир мектеп компьютерине дээрлик 60 миң сом сарпталат.
Булак: Аргумент кж