Бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип 75 жаштагы аял кармалды

Бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип 75 жаштагы аял кармалды

18-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты  саясый уюмдан ырасташты.

Маалыматка караганда, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча «бийликти күч менен басып алууга чакырык» таштоого шектелүүдө.

Салия Таштанова — 75 жаштагы пенсионер. Ал Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашайт.

Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова да «бийликти күч менен басып алууга чакырык» жасоого шектелүүдө.

Аялдар УКМК тарабынан өткөн аптада кармалып, бөгөт чарасы аныкталган.

Булак: Аргумент кж