Бийлик жасалма дипломдууларга эмес, чыныгы билимдүүлөргө муктаж

Бийлик жасалма дипломдууларга эмес, чыныгы билимдүүлөргө муктаж

10-теке, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

КРда жалган дипломдуу болгондордун темасы бир топтон бери көтөрүлүп келе жатат, бирок аларга кандайдыр бир чара көрүү жааты анча ишке ашпаган өңдүү көрүнүп келген. Акыркы мезгилде бул маселе тоонун ээриген карындай болуп ордунан козголду окшойт. ММкаларда жана социалдык түйүндө КР Жогорку Кеңешинин жасалма жалган дипломдугу аныкталган эки депутат мандатынан ажыратылды. Коомчулук бул көрүнүштү жакшы жөрөлгө катары да сыпаттоодо. Анткени, эч билими жок бирок билим жөнүндө документ-дипломду сатып алгандар бийликтин эч бир деңгээлине эч кайсы бутагына жолобош керек деген алгы идеа ишке аша баштагандыгын сыпаттап жатышат. Чындап эле кайсы гана бийлик болбосун акыл деңгээли да билим деңгээли да татыктуулар ээлеши керек. Маселени кантип ушул багытта он жолго койсо болот? Көпчүлүк эксперттер маселе чече турган кызмат орундарына инсандар тандоо жолу менен келиши керек деген ойду эчактан айтып келишет. Сыртынан карасаң эң туура пикир. Бирок аны практикалык жактан жүзөгө ашырганда далай тоскоолдуктар чыгып жаткандыгын практикалык тажрыйба көрсөтүп жатпайбы? Демек алгылыктуу кызмат ордуна мыкты кадрларды тандап алуунун мыйзамдык жол-жоболору иштелип чыга турган учур эчак эле бышып жетилген. Кеп бул маселени сөз кылып эле кайра-кайра козгой бербей практикалык ишке ашыруу зарылдыгында жатат. Эки депутаттын жасалма дипломдору аныкталып мандатынан ажыратылышы өлкө үчүн маанилүү иштин башаты болуп кетсе гана…