«Бетин бычак менен тилип салган». Кыз мурдагы жигити тарабынан мыкаачылык менен сабалган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстандын Талгар районунда мурунку жигити тарабынан катуу сабалган кыз ооруканага түштү. Окуя тууралуу «Не молчи» фондуна жабырлануучунун жакындары кабарлашкан.

«3-январда саат 23:00 чамасында менин сиңдимди мурунку жигити үйүнөн алып кеткен. Ал ата-энесин, бир туугандарын өлтүрөм деп коркутуп, Алатау чоң жолуна алып барып, сабап салган. Мурдун сындырып, бетин бычак менен тилип, жылаңачтап аны өлтүрүүгө аракет кылган. «Мени менен болбосоң, башка эч ким менен боло албайсың» деген. Ал кыздын телефонун алып, сүрөткө тартып, Инстаграмга жүктөгөн. Биз полицияга кайрылдык. Мурдагы жигити үйүнө жакын жерге таштап, качып кеткен. Ал кармалып, камакка алынды. Жарым жыл мурда да сиңдим сабалган, бирок ата-энеси кийлигишип жатып, ишти жөндөп коюшкан», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалган.

Аргумент.kg