Беш маал намаз окуган жигитимдин аялы менен ажырашпаптыр. Неге мени алдады?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы, мен азыр менин эле эмес көпчүлүк кыз-келиндердин турмушуна кедергисин тийгизип жаткан коомдогу бир көрүнүш боюнча кайрылып жатам.
Турмуштан жолум болбой, жолдошум экөөбүздүн отубуз күйүшпөй ажырашып кеткенбиз. Өзүм шаардагы кеңселердин биринде иштейм. Мурдараак унаа менен жол кырсыгына кабылып, андан кийин да кыйнала бергендиктен үйдөгүлөрдүн айтуусу менен Кудайга жалынып намаз окуп баштагам. Бирок хиджап кийбейм. Күнүгө багымдат жана куптан намаздарын окуп, жаратканга шүгүр келтирип турам. Ошентип жүрүп эле менин жашоомдо бир жигит пайда болду. Экөөбүз тең турмуш кура элек студент кезде тааныш болчубуз. Кийин көрүшпөй унутушуп деле калганбыз. Арадан он жылдан кийин кайрадан жолугуп калдык. Ал да азыр дин жолуна түшүп, беш маал намаз окуйт экен. Кадимкидей даават айтып, эки сөзүнүн бири эле «шүгүр», «тооба» дегенинен ишенип жүргөм. Курулуш материалдары боюнча чакан бизнеси да бар экен.
Айтымында, аялы менен кайын журту жаман чыгып, жубайынан аябай көңүлү калыптыр. Үйүнө баргысы келбей эле жумушунда түнөп же мейманканаларда жатып жүрдү. Ошентип колумду сурады. Бирок «ата-энемди жибере албайм азыр, алгач мындай эле мечиттен нике кыйдырып жашап туралы. Кийин аялым менен ажырашып анан ата-энемдин алдына алып барам» дегенинен шектене баштадым. Мен да ошол жагына басым жасап «ата-энең келсин» деп туруп алгам. Кызык ошол жерден башталды. Мен «ата-энең келсин же аялыңдын номерин бер» деген сайын өзүнөн-өзү актанып жатып ар кайсы калпы чыгып калып жатты.
Бир күнү орток тааныш адамга жолугуп калып, мени алмакчы болгон адамдын турмушу тууралуу четин чыгарсам, ал оозумду ачырды. Көрсө жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Заңгырагын үйү бар, аялына тигүү цехин ачып бериптир. Кайын журту менен деле мамилеси сонун экен. Муну айтсам мойнуна албай койду. Өзү дин жолундагы адам, турмуш куруу ою болсо баарын ачык айтып, таза кадам менен баштаса болмок. Бир чети алданып калбай, «кудай сактады» деп отурам. Анткени азыр намаз окуган такыбалыгына ишенип, ушинтип машинадан же мечиттен эле нике кыйдырып алып жашап, кийин төрөп алгандан кийин талаада калган кыз-келиндер азыр көп экен. Алар же балдарына алимент ала албай, ортодо калышкан. Кризистик борборлорго ушундай кыз-келиндер көп кайрылат дешет.

Аргумент.kg