Бермет Исаева: “Бизге атам менен жолукканга уруксат бербей жатышат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин камакка алынгандардын арасында саясатчылар, журналисттер, активисттер бар. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаеванын сөзүн угуп көрдүк.

— Бермет кызым, атаңыз Канат Исаевге кандай айып тагылды жана ал канчалык мыйзамдуу?

— Атам “массалык башаламандык уюштурууга аракет көрүүдө” деп шектелип, 2017-жылы президенттик шайлоого 10 күн калганда кармалган, 10 ай УКМКнын СИЗОсунда отуруп, 2018-жылы 18-июлда үй камагына чыккан, атама каршы козголгон иш токтотулган, бирок быйыл 23-октябрда кайра баш коргоо чарасын өзгөртүп, камап коюшту.

— Атаң менен байланышып атасыңбы? Ден соолугу, акыбалы кандай?

— Тилекке каршы, бизге атам менен жолукканга уруксат бербей жатышат. Жактоочусу гана кире алат экен. Ден соолугу, маанайы жакшы! Кудай буюрса, жакында чыгат деп үмүттөнүп жатабыз.

— Атаңды кандай жагдайда алып кетти, жактоочусу эмне деп атат?

— Атам УКМКга суракка өзү барган, ошол жерден алып калышты. Атам эч жакка качкан эмес. Ошондуктан эмне себептен баш коргоо чарасын өзгөртүп коюшканы бизге түшүнүксүз.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg