
Белраруста ЖККУнун машыгуусуна катышкан кыргызстандык аскерлер сыйланды
07-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБеларусь Республикасында ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2023», «Издөө-2023», «Эшелон-2023» жана «Барьер-2023» машыгуулары аяктады. Коргоо министрлигинен маалымдашкандай, иш-чара «Күжүрмөн боордоштук-2023» биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуусунун экинчи этабынын алкагында өттү.
Ага Кыргызстандын аскерлери да активдүү катышкан.
Биргелешкен операцияны өткөрүү иш-аракеттеринин жабылуу аземи болуп, анда биргелешкен машыгуу учурунда коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарган мыкты аскер кызматчылары сыйланды.
Булак: Аргумент кж