Коом

Белгисиз адам 3 студент кызды зордуктап өлтүрүп салды

Үч студент кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды.Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Оренбург шаарында болгон.  Гая шаарынын Молодежная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин батиринде үч студент кыздын сөөгү табылып, эскпертизанын жыйынтыгында кыздарды зордуктап кыйнап, аягында муундуп өлтүргөнү маалым болгон. “Тергөөчүлөрдөн жана криминалистикалык бөлүмдүн кызматкерлеринен турган тергөө тобу кылмыш жасоого катышы бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш -чараларын жүргүзүүдө “, – деп кошумчалайт милиция кызматекерлери  журналистердин суроосуна түшундурмө берип жатышып.

Ал эми Оренбург облусунун Оренбург Омбудсмени Анжелика Линкова каза болгон кыздар Башкириянын жергиликтүү тургундары болгонун айтуу менен төмөнкүлөрдү ачыктаган:

“Гаяда трагедия болду. Эртең менен батирлердин биринде үч жаш кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Алардын бири 17 жашта болчу. Экөө 18 жаштан жогору. Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү кылмыш ишин козгошту. Кыздар Башкириядан  Гайга келип окуп жатышкан студенттер болгон.  Мугалимдер алардын жакшы сапаттарын айтышып, мындай окуяга кабыла туру кыздар эмес деп жатышат. Эми биз алардын үй -бүлөлөрү менен байланышып, мүмкүн болгон нерсеге жардам берели ”, – деп жазды Линкова социалдык тармактарга. Ал эми үч кызды кыйноого алган шектүү азырынча колго түшө элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *