Белгилүү рэпер Ulukmanapo уулдуу болду

Белгилүү рэпер Ulukmanapo уулдуу болду

07-теке, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери Осмоналиева

Ulukmanapo деген каймана ат менен таанымал Улукман Осмоналиевдин жубайы көз жарды. Түгөйлөр уулдуу болгонун рэпер социалдык баракчасына жарыялады.

«Алла Таалага шүгүр, биринчи ирет ата болдум. Уулубуз үчүн жубайыма рахмат. Бардык куттуктоолорго рахмат!», — деп жазды ырчы.

Ulukmanapo жеке жашоосун жарнамалаганды жактырбайт. Ал Азалия аттуу кыз менен көп убакыт сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Аткаруучу «Азалия» ырын жубайына арнаган.

Булак: Аргумент кж