Саясат

Беларусиялык хакерлер тобу Курманбек Бакиевге таандык жер тилкеси тууралуу маалыматтарды жарыялады

Интернетте Беларусь Республикасындагы Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү регистринин Бакиев Курманбек Салиевичтин атына таандык электрондук маалыматынын сүрөтү пайда болду.

Анда Бакиевке 2020-жылы март айында «Кызматтык пайдалануу үчүн» грифи менен Минск облустук аткаруу комитетинин жергиликтүү башкаруу органы тарабынан жер тилкеси берилгени айтылат.

45 сотых жер тилкеси Минск районунда жайгашкан. Документте ал жер атайын коргоого алынган «Минск деңизи» эс алуу аймагында жайгашканы жазылган. Ошондой эле картадан жер тилкеси Беларусь президентинин резиденциясынан анча алыс эмес жерде жайгашканын көрүүгө болот.

Азырынча интернетте пайда болгон бул электрондук маалыматтын чын-төгүнү белгисиз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *