Бекжан Темирхандын досу: «Унаа тоголонуп кете берди, мен Бекжанга «карман» деп жаттым»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Бекжан Темирхандын жол кырсыктан каза тапканына туура 1 ай болду. Дал ошол каргашалуу окуяда ырчынын жанында болгон досу Талгар Уланбековдон ошол күндү эстеп айтып берүүсүн сурандык. “Мен деле кандайча тирүү калганымды түшүнгөн жокмун” деген ал элден “Мени күнөөлөбөңүздөр” деп өтүндү.

«10-ноябрда күндөгүдөй эле өз ишимди кылып жүргөм. Бекжан Балыкчыга барып келели деп жазып калды. Менин унаа алганымды билчү. Башка достордон да суранып, бирок эч кимиси макул болбоптур. Мен макул болуп, өзүмдүн жумушумду бүтүрүп, үйдөн кийинип алып, Бекжандын үйүнө баргам. Чачын жасатты. Андан кийин биринчи тойго барсак, жаңы башталып жатыптыр. Тамада «той жаңы башталып жатат, 3-4 тосттон кийин антракт болот» деди. Бекжан Балыкчыга барып келе калалы деди. Экөөбүз чыктык, мен жетишебизби деп сурадым. Чыктык. Жолдо кадимкидей эле сүйлөшүп бара жаттык. Анан жанагы окуя болуп кетти. Мен Балыкчыга, Ысык-Көлгө жай мезгилинде эле барчумун. Кышында биринчи жолу барышым болчу. Мен чынында жолду билген жокмун. Бир аз солго бургандан кийин эле унаанын арты тайыды. Чочуп тормозду тээп алдым. Унаа жолдун ортосуна туурасынан туруп калды. Ошол боюнча тайып кете бердик. Оң жактагы тоону сүздүк. Тоо унааны артка түрттү. Ал жерде жар бар экенин, суу агарын байкабаптырмын. Ошол боюнча эле ылдый тоголонуп кете бердик. Мен «карман» дедим. 1-2 тоголонгондон кийин мен артка өтүп кетиптирмин. Жан таттуу экен да, колума унаадагы кармагыч илешти. Көзүмдү жумуп, карманып кете бердим. Ошол учурда унаада Бекжан бар болчу. Коопсуздук куру экөөбүздө тең жок эле. Тоголонгондо Бекжан өзүн жоготуп койгон окшойт. Бүтүндөй жашооң көзүңө көрүнөт экен. «Кудай, токтосо экен, токтосо экен» деп жаттым. Унаанын сууга түшкөнүн билем», — деди ал.

Супер.кж

Аргумент.kg